28 апрель 2026

Кароолор: 7

Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин кошумча имараты жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет

Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин кошумча имараты жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин кошумча имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, жаңы имарат 225 окуучуга ылайыкталган. Анда окуу класстарынан тышкары китепкана, актовый зал, эмгек кабинети, компьютердик класс, ашкана жана лифт каралган.

Учурда курулуш иштеринин 55 пайызы аяктады.

Облус башчысы курулушту жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалып жатканын белгилеп, сапатына өзгөчө көңүл бурууну тиешелүү кызматкерлерге тапшырды.

Аталган билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдердин алкагында каржыланып, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 208 миллион сомду түзөт.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы